Базар-Коргон районундагы аймактык ооруканага келген бейтап 3-кабаттан боюн таштап каза болду.
Аймактык ооруканадан алынган маалыматка караганда, 21-августта саат 12:30дар чамасында райондун Сейдигум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын 1977-жылы туулган тургуну Э.М. бети-башы жарылган абалда түшкөн.
Ал бейтапка ошол эле замат медициналык жардамдар көрсөтүлүп, 3-кабатка палатага жаткырылган. Бейтап саат 13:00 дөр чамасында терезеден боюн таштап, каза болгон.
Бейтап буга чейин өз үйүндө да өмүрүнө кол салууга аракет жасаган.
Маалым болгондой,Э.М. ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 2-топтогу майыптыгы болгон.