Бүгүн,22-августта Талас жана Кара-Буура райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнө милициянын көчмө пункттары катары иштей турган 2 унаа тапшырылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.Маалыматка караганда, унааларды алуу боюнча ЕККУга долбоор жазылган.
«Талас облусунда чоң аймакты ээлеген, элдин жана кылмыштуулуктун саны көбүрөөк катталган райондорду анализдеп чыгып, унааларды Кара-Буура жана Талас райондоруна тапшыруу чечими чыкты. Бул унаалардын ар биринин баасы 33 миң евро», - деп айтылат маалыматта.