Бишкектеги балдар бакчасына электрондук кезек боюнча 3,5 миң наристе кабыл алынды.Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.Маалыматка караганда, жалпысынан 10 миң 264 арыз келип түшкөн.
Министрликтен билдиришкендей, эгерде бала бакчага кабыл алуу боюнча жазылган арызда же документте такталбаган маалыматтар болсо, анда бакча наристелерди кабыл алуудан баш тартат.
«Эгерде ата-энелердин паспорттук маалыматтары (сүрөт, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү) кезекке туруу үчүн киргизилген маалыматка дал келбесе балдар кабыл алынбайт. Так маалымат берилбегендиктен учурда 303 арыз артка кайтарылды», — деп билдиришти министрликтен.