Аталган агенттик буга чейин дааратканаларды жасап,аларды орнотуу иштерине жалпы 2 миллион 301 миң 700 сом коротула тургандыгын билдирген болчу. 5 орундуу контейнер тибиндеги бир даараткананын баасы 287 миң 718 сомду түзөт. Жалпысынан 8 даараткана коюла турганы маалым болду.
Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын дааратканалар салынат. Ошондой эле, жыгачтан жасалган 20 даараткана орнотулат.