Видео:Адам буту баспаган ээн аймакта Түндүк—Түштүк жолунун курулушу

0
Кыргызстандагы Түндүк—Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу — өлкө көз карандысыздыкты алгандан берки ишке ашып жаткан эң ири, эбегейсиз долбоор. Ушул күнгө чейин адам буту баспаган ээн аймакта өзгөчө мааниге ээ унаа жолдун курулуш иштери учурда кызуу улантылып жатат.Жүздөгөн чакырым жол чийиндери, өлкөдөгү эң узун тоннель, ээ-жаа бербей албууттанып аккан Нарын аркылуу өткөн эбегейсиз эстакадалык көпүрөлөр, 2 миң жумушчу, 700гө жакын оор техникалар, жүздөгөн тонна цемент жана жардыргычтар… Мунун баардыгы – Түндүк—Түштүк жолу.
URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6872