Кабул анын ордуна талибдер менен түз сүйлөшүүнү артык көрөт. Бул тууралуу Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Сибхатулла Ахмади билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим президент Ашраф Гани жана башка жетекчилер менен өткөрүлгөн талкуудан кийин кабыл алынды.
Айрым маалымат булактары ооган өкмөтү «Талибан» менен түз, чет өлкөлөрдүн ортомчулугусуз сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдиришти.
Орусия 4-сентябрга Ооганстан менен АКШны кошкондо 12 өлкөнү ооган жергесинде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө чакырып жатат.
Кошмо Штаттар бул жыйынга катышпай турганын билдирип, андан майнап чыгарына көзү жетпесин айткан.
«Талибандын» өкүлү Забихулла Мужахид Москва пландаган сүйлөшүүлөргө катышуу ниети бар экенин билдирген.
2015-жылы Ооганстандан НАТО аскерлеринин басымдуу бөлүгү чыгарылгандан кийин ички жаңжал курчуп кеткен. Өткөн аптада "Талибан" өкүлдөрү бийликтин үч ай элдешүү тууралуу сунушуна жооп берген эмес. Пентагон орус бийлиги ИМ тобунун ооган уячасына каршы күрөшүүнү бетке кармоо менен талибдерге курал-жарак жеткирүүдө деп бир нече жолу айткан. Орусия мындай айыптоолор негизсиз экенин билдирген.