Басылма келтирген статистикага ылайык, Испанияда 65 жаштан жогору 160 миңдей киши өзүн ЛГБТ өкүлү деп эсептейт. Активисттердин айтымында, өлкөдө адам укуктары боюнча абал жакшы болгонуна карабай, улгайган гомосексуалдар карылар үйлөрүндө дискриминацияга учурап келишет.
Испания Европа өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп бир жыныстуу никени мыйзамдаштырган. Pew Research Center иликтөөлөрүнө ылайык, испандар ЛГБТ коомуна карата толеранттуу калк болуп эсептелет. Социологдордун маалыматы боюнча Түштүк Африкадагы Гана өлкөсүндө кумсалар өтө жектелет. Орусияда сурамжылоого катышкандардын 72% бир жыныстуу никени нормалдуу эмес деп эсептешкен.