Абдил Сегизбаев жана Болот Сүйүнбаевге таандык үйлөрдүн сүрөттөрү тарады

0

 Facebooк социалдык тармагында Орто -Сай айылынын VIP- шаарчасына жакын жайгашкан укмуштуу особняк үйлөрдүн сүрөттөрү желдей тарады.

Бул үйлөрдүн ээлери катары УКМКнын мурунку башчысы Абдиль Сегизбаев жанан анын жардамчысы Болот Сүйүнбаев айтылат.

 Маалыматка ылайык, бул хан-сарайларды Абдиль Сегизбаев, Болот Сүйүнбаев жана "Мантай" аттуу адам салгандыгы айтылат.

 Алар биригип, бир гектар аянтындагы жерде үй салышкан. 

 Белгилей кетсек, Атамбаевдин убагында чоң кызмат ордун жетектегендер бул байлагын декларацияда көрсөткөн эмес.

Ошондой эле жакында, $130 000  "Лексус 57-" маркасындагы брондолгон автоунаа Сегизбаевге таандык экени белгилүү болгон.

Ал эми, "көпчүлүктүн кызыгын туудурган хансарайлардын келип чыгышы тууралуу УКМК тез арада иликтеши керек",-деп жатышат социалдык тармак колдонуучулары. 

.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7326