Абылгазиев өз жерин шаарга өткөрүп берген жаранга саат тапшырды

0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Ал Ахунбаев,  Алыкулов, Профсоюзный, Баялинов, Тоголок Молдо, Кустанай, Мурманск көчөлөрүнүн реконструкцияланышы жана Түштүк магистралын улантуу долбоору менен таанышты.

Абылгазиев Түштүк магистралын Алыкулов көчөсүнө чейин улантуу боюнча тийиштүү маселелерди кыска убакытта чечүүнү тапшырды.

Ошондой эле, тийиштүү аймактарды көрктөндүрүү, арык жана тротуарларды куруу, бак-дарактарды сактоого көңүл бурууга чакырды.

Өкмөт башчы Лев Толстой көчөсүнө барып, өз жер тилкесин Бишкек шаарына өткөрүп берген Ырысбек Атажанов менен жолугушуп, ага премьер-министрдин ысымы жазылган саатты тапшырды.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7329