Дүйнө чемпионатында кыргызтандык Эрбол Бакиров алтын медаль тагынды

0

Кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров Словакиянын Трнава шаарында өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан дүйнөлүк мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында айтылды.

Бакиров мелдешке 63 кг салмак ченинде катышып, 1/16 финалда америкалык Алстона Жон Нуттерди 91 секундда 10:0 эсеби менен жеңген.

Экинчи беттеши Армениялык Храчия Погосян менен болуп, аны 5:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда германиялык балбанды 13:3 эсеби менен утуп алган.

Бакиров жарым финалда Орусиялык Азамат Каировдун үстүнөн 68 секундда таза жеңишти камсыздап финалга аттанган. Алтын байге үчүн беттеш Египеттик Хассан Ахмед менен болуп, анын да таза жеңиш менен утуп алды!

Ал эми 55 кг салмак ченинде Нуртазин Керимберды Уулу Орусиялык Эмин Сефершаевге коло байге үчүн беттеште 1:6 эсеби менен утулуп калды.

Андан соң клемге 77 кг салмак ченинде Акжол Махмудов чыгып, АКШдан келген Kamal Ameer BEYди 8:1 эсеби менен утуп алды.

Белгилей кетсек, Махмудов мурунку чемаионатта дал ушул америкалык балбандан алтын байге үчүн беттеште утулуп калган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7331