Зере, биз сени күткөнбүз

0

Материалдын оригиналы "Азаттык" үналгысынын сайтында жайгаштырылган. 

Блогер жана журналист Алия Суранова эмне үчүн биз азыр ырчы Зере Асылбек кызын коргоп чыгышыбыз керек экендигин жазып чыккан.

 

Зере Асылбектин "Кыз" деген ырына тартылган видеого болгон реакцияны бир нече күн карап отуруп, күйбөгөн жерим күл болду.

Зере, бул менин сага кайрылуум. Бир гана сага эмес, ар бир кыргыз кызына болгон кайрылуум. Акыркы бир нече жылдардан бери өздөрүн биздин кожоюндарыбыздай сезген, аялды уйга теңеген такыба чалыштар, тарбиянын жана "кыргыз кыздары кандай болушу керек" деген көптөгөн "илимий" иш-кагаздарынын авторлору болуп чыга калган тарыхчы, философ жана жарма патриот эркектер кумурскадай көбөйүп келатат.

Алар болгону элдин көзүнчө ыймандуу көрүнүп, далдоо жерге барганда ушак сүйлөп, сөгүнүп, аялдарына кол көтөргөн, балдарын карабай таштап кеткен, ойнош күткөн, сойкуканалардан чыкпаган, кумар ойноп, арак ичкен, пара берип, коррупционер чоңдордун алдында кошомат кылып чөгөлөгөн, акча үчүн өз апасын сатууга, калп ыйман жана куру намыс үчүн өз карындашын же кызын ташбараңга алууга даяр эркек сымалдар.

Зере, сени жана мени, биздин эже-сиңдилерибизди сынга алып, сөгүп, каргап, биздин жүрүм-турумду, эмне деп сүйлөшүбүздү, эмне кийим киерибизди таңуулап, ар бир кыздын ич кийимине чейин кирип-чыгып, андан ары эч нерсени көрө албай, өз деңгээлинин пастыгын, аң-сезиминин төмөндүгүн жана өз жашоосун жана ички дүйнөсүн башкара албай жатканын башкаларга асылгандыгы менен көрсөткөн айрым эркектерге көңүл бурба.

Зерени сынга алып, «кыргыздын кыздары качан ушинтип жүрчү эле?» деген кээ бир тарыхчы илимпоздорго айта турган бир гана сөзүм бар: кыргыздын кыздары дайыма эркин болгон, эки жүз жыл мурда баары башкача кийинишчү, анткени замандын шарты ошондой болгон.

Анткен менен кыргызымдын кыздарын эркектер кор туткан эмес. Жок дегенде атасынын төрүндө үлпүлдөтүп баккан. Тамактын жакшысын берген, кийимдин жакшысын кийгизген. Карага чулгап, жоолук салгандарды жектешкен. Жамандык чакырдың деп элден бөлүшкөн.

Ата-бабаларыбыз азыркы айрым эркектердей болуп аялы эшектей иштеп жатканда аракка тоюп алып, ар кайсы түнкү клубдарда ар кимге тийишип, баскан-турган жерин булгап, таштанды ыргытып, какырып-түкүрүп, алсыздарга асылып, төртөөлөп бирөөнү сабап, кыргыз жигити деген ыйык наамды тебелеп жүргөн эмес.

Үйүндө отуруп алып, Интернетке жашоого болгон нааразычылыгын төгүп, бекерчиликтен ар кимге комментарий жазып жаткан кыргызымдын кээ бир жигиттери бизге акыл үйрөтпөй эле койсун. Көрсө булар үчүн аялзаты эркекке байпак жууп, тамагын чайнап берип, төрө десе төрөп, сүйлө десе сүйлөп, отур десе отуруп, жат десе жатып, алардын жиндилик кылыктарына үнсүз чыдаган робот болушу керек тура.

Биз эмне кол көтөрүүнү жана басмырлоону көтөрүү үчүн төрөлдүк беле?

Айрым майдачылдары бизди, биздин жашообузду, биздин денебизди, биздин кийимибизди, биздин келбетибизди, биздин төшөгүбүздү, биздин ич кийимибизди, биздин жеп-ичкенибизге чейин башкарып, көзөмөлдөп, эркиндик бербөөнү гана көздөшөт. "Кызга кырк жерден тыюу" деп кыйкырышат. Кыздардын басып-турганына асылышат.

Ошол эле маалда эмне үчүн балдарын таштап, алименттен качып жүргөн кыргыз жигитин эч ким тыйбайт? Эмне үчүн бирөөнүн кызын сыздатып, ала качып, зордуктаган эркекти эч ким тарбиялабайт? Эмне үчүн балдарынын апасына ороңдоп, кемсинткен эркекти эч ким "кой" дебейт? Миграцияга кетип калып, ал жерден экинчи үй-бүлө күтүп, аялынын жана балдарынын убалына калган эркекти ким тыят? Эмне үчүн бирөөнүн көз жашынан байыган паракор чоңдорду эч ким "токто" дебейт? Кайра акчасы жана бийлиги бар адамдардын алдында чөгөлөп, тойлорунда ырдап, кыйшалаңдап, кой союп, баскан жерин өпкүлөп, мен ошонун тууганымын деп мактанышат. Эмне үчүн Бурулайды ала качып, бычактап өлтүргөндө намыскөй патриот кыргызым үн катпады?

Шоу-бизнестин кишилери да эми чыга келишти, Зере, сенин кийимиңе асылып, "кыргыз кыздар мындай болгон эмес, мусулмандар мындай болгон эмес" деп. Өздөрү кыргызды тоногон, сойкукана иштеткен жемкорлордун тойлорунда так текедей секирип ырдап жүргөнү менен иши жок.

Азыр биздин алыбыз жеткени эле алсыз кыздар. "Ташбараңга алыш керек" деп кыйкырып жатышат Интернет фронтунун үйдө баатыр, жоодо жок жоокерлери.

Кыргыз сиңдим, сен буларды укпа, керели-кечке соцтармактарда отуруп алып, акыл үйрөткөн адамдар бизге эч качан үлгү боло албайт. Өздөрүнүн жашоосунда күнөөсү башынан ашып, алар таарынткан жана ыйлаткан адамдын саны толтура. Кудайдын жана абийринин алдында жооп бере турган иштери толгон-токой. Эч качан бир да адам баласы өзүнө 100 пайыз тазамын деп кепилдик бере албайт. Эгер ошентип айта турган адамды жолуктурсаң, демек, ал накта эки жүздүү.

Ошондуктан, ар бир кыргыз кызы өз жашоосуна өзү гана жооп бериши абзел. Мен биздин эжелерибизди, сиңдилерибизди сынга алып, каргаган кыргыз айымдарга дагы кайрылгым келет: биз өзүбүздөн баштайлы, биздин кыздарыбыз өсүп келатат, биз азыр мындай жапайычылыкка жол берсек, бир нече жылдан кийин, тырмагын боёп алыптыр деп ташбараңга алышат. Эшикке чыга албай, окуй албай, иштей албай, үн чыгаргандан коркуп, эркин жүрө албай калабыз. Көзөмөл ушундай майда нерселерден башталат.

Биз Зерени куугунтукка албашыбыз керек. Тескерисинче, Зередей кыздар көп болсун, күңгө окшоп бирөөнүн менчиги болбой, «эл эмне дейт» деп өмүр бою коркуп отурбай, өз оюн эркин билдирген, өз жашоосун каалагандай жашаган кыздарыбыз көбөйсүн.

Зеренин абдан маанилүү ыр саптарына көңүл бурганга кудурети жетпей, ич кийимине жана келбетине асылгандардын деңгээли, демек, так ошол жерде токтойт. Алардын ой-жүгүртүүсү ошол көкүрөктөн өйдө чыга албайт. Андай адамдар алгач өздөрүн күзгүдөн бир карап, салыктарын төлөп, короо-жайын оңдоп, балдарына татыктуу билим берип, алдаганын токтотуп, сөгүнгөнүн, көчөгө түкүргөнүн токтотуп, катасыз жазганды үйрөнүп, калк үчүн пайда келтирсе жашоосу текке кетпес эле...

Жарма патриот, арамза такыба сынчылардын оозунан ак ит кирип, көк ит чыккан сайын Зеренин үнү Ала Тоодо жаңыра берет. Чаң бийик көтөрүлгөнү менен жылдызга жете албайт эмеспи.

Биз сени көптөн бери күткөнбүз, Зере!

Алия Суранова

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7333