Жер ортолук деңизине 203 адам чөгүп кетти

0

2019-жылдын алкачкы жыйырма күнүндө Жер ортолук деңизи аркылуу Европага мыйзамсыз жол тарткан 203 адам сууга чөгүп кетишти.Бул тууралуу Миграция боюнча эл аралык уюм Анадолу агенттигине билдирген.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын 1-январынан 20-январына чейинки мезгил аралыгында Жер ортолук деңизи аркылуу Европага мыйзамсыз 4883 аддам кирген.

Алардын ичинен 3 миң 429 Испаниянын жээгине, 1166 Грециянын жээгине, калгандары Мальта жээгине жана Кипр аралына киришкен.

Өткөн жылы Жер ортолук деңизинде Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Европага кайык менен жол тарткан 201 киши чөгүп өлгөн.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8063