Белгилүү футболчу Месут Өзил үйлөнөт

0

Германиялык белгилүү футболчу Месут Өзил быйыл жай айларында үйлөнөт. Бул тууралуу Түркиялык басылмалар жазышты.

М.Өзил менен А.Гүлшенин тою Лондон шаарында өтөт. Тойдо Өзил достору менен биргеликте Лондонду учак менен айланат.

Месут Өзил Амине Гүлше менен көп жылдардан бери кыз жигит болуп сүйлөшүп келишүүдө. Амине Гүлше 2014-жылы Түркиянын сулуусу деп табылган. Ал 26 Швецияда туулган. Учурда модель болуп иштейт.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8068