Былтыр Кыргызстанга 7 миллион чет өлкөлүк жаран келген

0

Кыргызстанга көп келген чет өлкөлүк жарандардын басымдуу бөлүгү казакстандыктар жана орусиялыктар. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Кыргызстанга жалпысынан 7 миллион чет өлкөлүк жарандар кирген.

«Кыргызстанга Орусиянын, Казакстандын жарандары көп келет. Андан кийинки орунда Түркия, Кытай, Тажикстан, АКШ, Германия, Түштүк Корея өлкөлөрү турат», - деди Ибраимжанов.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 54,6 миң  жаранга виза берилген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8078