Кыргызстанда 1 жыл ичинде чет элдик жарандар менен баш кошкондордун саны 1072ни түзгөн. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда өкмөт башчы Мухаммбеткалый Абылгазиев билдирди.
М.Абылгазиевдин айтымында, кыргызстандыктар РФнын 582 жаранына, Өзбекстандын 489 жаранына, Тажикстандын 192 жаранына, Кытайдын 18 жараны менен баш кошушкан.
“Эгер билимдүү чет элдик жаран биздин жарандар менен үй-бүлө куруп жатса, бул жаманбы? Алар дагы биздин өлкөнүн экономикасын көтөрөт. Бүгүнкү күндө биздин канча деген жарандарыбыз чет жакка акча табуу үчүн чыгып кетти? Алар ошол жактан үйлөнүп, ошол жерде жашап калышууда. Бул кадимкидей эле көрүнүш”, - деди өкмөт башчы.