Бүгүнкү күндө 700 миңден ашык Кыргызстандын жарандары эмгек миграциясында жүрүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов Өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Орусиянын аймагында 663 миң, Казакстанда 30 миң, Түштүк Кореяда 14 миң, Түркияда 30 миң, Жакынкы Чыгыш, Азия өлкөлөрдө 20 миңден ашуун кыргызстандык бар.
Маалыматка ылайык, кыргыз мигранттарынын көпчүлүгү Россиянын аймагында 663 миң, Казакстанда 30 миң, Түштүк Кореяда 14 миң, Түркияда 30 миң, Европа, Жакынкы Чыгыш, Азия өлкөлөрдө 20 миңден ашуун адам бар.
Ошондой эле Кыргызстанга келип кетүүнүн жыштыгы боюнча алдыңкы орунда Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Кытай, Германия, АКШ турат.