Бишкек шаарындагы жол киренин баасын көтөрүү боюнча мэриянын транспорт боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Кубан Жусупов маалымат жыйынында билдирди.
«Алты жылдан бери маршруттук таксилерге баа өзгөрүүсүз калууда. Бишкек шаардык мэриясы тарабынан шаардык кеңешке, антимонополия комитетине сунуш киргизилди. Саат 21:00гө чейин 12 сом, андан кийинки убакыттарда 14 сом болот» - деди ал.
Пенсионерлерге карата жол кире 1 сомго кымбаттайт. Учурда пенсионерлерге жол киренин баасы 5 сомдон.