Орусиялык белгилүү киноактриса каза болду

0

Орусиялык белгилүү киноактриса Валентина Березуцкая каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, ал 87 жашында өз үйүндө жүрөгү кармап каза тапты. Тез жардам кызматы келгенде актриса  чала жан болуп калган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес.  

В.Березуцкая 1932-жылы Курск облусунда туулган. Ал Орусиянын эмгек сиңирген артистти, “Ника” сыйлыгында эң мыкты аялдын ролу наамын алган.

Кино актриса көптөгөн тасмаларга тартылган. Көпчүлүктүн эсинде “Операция Ы” жана “Шуриктин окуялары”, “Дон-Кихоттун баласы” “Ууру” аттуу кинолору менен эсте калган.

 

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8143