Футболчу Эрнист Баатырканов европалык клубдун кароосунан өтүүдө

0

Кыргызстандык футболчулар чет элдик футбол клубдарына өтүп жатат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Малаыматка таянсак, курама команданын борбордук коргоочусу Тамирлан Козубаев Малайзиянын "PKNS" клубуна, жарым коргоочу Азиз Сыдыков Ирандын  "Sanat Naft Abadan"  клубуна өттү.

Муролимжон Ахмедов Өзбекстандын “Анжиан” клубунда медициналык кароодон өтүүдө. Кыргызстандын жаштар курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Беларусиянын “Неман” клубунда кароодон өтүүдө.

Курама команданын оюнчусу Эрнист Батырканов Словакиянын “Спартак Трнава” клубунда кароодо жүрөт. Бул клуб быйылкы жылы Европа Лигасында оюн көрсөтүп өз тобунан кийинки баскычка чыкпай калган.

22-январда 21 жаштагы  жаш футболчу Айдар Мамбеталиев  Япониянын “Ococias Kyoto AC” клубу менен келишим түздү.

Кыргызстандык футболчуларга Азия кубогундагы оюндардан соң көз арткан клубдар көбөйгөн.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8145