Сириядагы “Эл Хол” лагеринде 29 бала суукка тоңуп өлдү

0

Cириядагы “Эл Хол” качкындар лагеринен 29 бала сууктун айынан каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму жарыя кылды.

Маалыматка ылайык, 8 жуманын ичинде 29 бала сууктан өлгөн. “Эл Хол” лагеринде 33 миң адам чатыры жок ачык асманда күн кечирүүдө. Алар үчүн жатканга да төшөктөр жок.

Согуштан улам 23 миң адам лагерге качып келишкен. Ошондой эле лагердегилерге тамак-аш жетишпей ачарчылык да орун алууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8150