Индияда чочко тумоосунан 27 күндүн ичинде 169 адам каза болду

0

Индияда 1-январдан 27-январга  чейинки аралыкта чочко тумоосунан 169 киши каза болду. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазышты.

Индиянын Саламаттык сакктоо министрлигинин малыматына ылайык,  4571 адамдан чочко тумоосунун белгилери чыккан. Анын ичинен 169 каза болгон.

Чочко тумоосунун очогу Ражастан аймагы болуп эсетелүүдө. Ражастан аймагынан өткөн жылы 1856 адам чочко тумоосуна чалдыкса, 75и каза болгон.

Өткөн жылы жалпы Индия боюнча 1103 киши ооруга чалдыгып набыт болгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8151