Белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедовго Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унааны белекке берди. Бул тууралуу спортчу социалдык тармактарга жазды.
Эске салсак, Нурмагомедов (UFC) боюнча абсолюттук чемпион. Ал Конор Макрегордун машыктыруучусуна кол көтөргөндүгү үчүн спорттон 9 ай четтетилип, 500 миң доллар айыпка жыгылган.