Египетте имарат жерге чөгүп кетип 3 киши каза тапты

0

Египеттин Луксор шаарында имарат жерге чөгүп кетип 3 киши каза таап, 10 адам жараат алган. Мерт кеткендердин экөө балдар болгон. Бул тууралуу Хаберлер маалымат булагы жазды.
Кырсыктан каза тапкандардын бирөөсү германиялык турист болгон. Ал эми жерге чөгүп кеткен имараттын ичи бош болгон. Имарат колдонулууга берилген эмес.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8185