Австралиянын Товнсвил аймагында сел жүрүп 250 турак жай жарактан чыкты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.
Маалыматка ылайыык, 750дөн ашык үйгө зыян келтирилип, үй-жайсыз калгандарга утурумдук турак жай маселеси каралып жатат.
Каналдагы суу көбөйүп кетип, сыртты көздөй суу атып чыгып селге айланган. Селдин кесепетинен 1100дөн ашык адам жабыр тарткан.
Учурда суу жеп кеткен жерлер тазаланууда.