Акжол Махмудовдун дарыланышына 1,5 миллион сом керектелет

0

Балбан Акжол Махмудов оор жараат алды. Азыр аны дарылатыш үчүн Германиядагы дарыгерлер менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында Мамлекеттик  дене тарбия агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, Махмудовду дарылаш үчүн 1,5 млн сом кетет. Бул каражат агенствонун казынасынан бөлүнүп берилет.

“Биз дарыланчу каражатты төлөп берерибизди Махмудовдун атасына айттык. Жараат 6 айдын ичинде калыбына келтирилет. Бул балбаныбыз олимпиададан медаль алып келет деген үмүттөбүз”, - деди Аманкулов.

Махмудов  Азиянын чемпиону жана Азия оюндарынын вице-чемпиону.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8200