Ла-Манш деңизинде табылган сөөк аргентиналык футболчу Эмилиано Сала экендиги аныкталды. Бул тууралуу Хаберлер маалымат булагы жазды.
Сала 22-январда Франциянын Нант шаарынан Уельстин Кадрифф шаарына өзүнүн учагы менен сапарга чыккан. Ошол күнү учак Ла-Манш деңизинен жок болуп кеткен.
3-февралдан тарта учак табылып деңизден чыгаруу иштери жүргүзүлгөн. 6-февралда учактан Саланын сөөгү табылды.
Эске салсак, Эмилиано Сала 28 жаштагы аргентиналык футболчу. Ал Франциянын “Нант” клубунда ойноп келген. Кышкы трансфердик сатып алуу учурунда Уельстин “Кадрифф сити” командасына өтүп, медициналык кароодон өтүш үчүн Кадрифф шаарына бара жаткан.