Футбол федерациясынын президенттигине Аскар Салымбеков талапкерлигин койду

0

Футбол федерациясынын президенттигине алты адам ат салышып жатат. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.

Футбол федерациясынын президенттигин шайлоо 9-февралда өтөт.

Белгилей кетсек, федерацияны жетектеш үчүн “Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков, федерациянын башкы катчысы  Медер Сыдыков, футбол федерациясынын вице-президенттери Дастан Конокбаев, Канат Маматов, “Алга" командасынын ардагери Алмаз Чокморов,  эл аралык калыс Бахадыр Кочкаров бар.

Буга чейин федерацияны Семетей Султанов жетектеп келген.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8206