2018-жылы орточо айлыктын баасы 16, 218 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин экономикалык статистика башкармалыгынын жетекчиси Эльвира Исенкулова маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, 2018-жылы орточо айлыктын өсүү темпи байкалган.
“Орточо айлык курулуш тармагында 11%, байланыш жана маалымат тармагында 9,8%, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, социалдык камсыздандыруу тармагында 9,2%, илимий жана техникалык ишмердүүлүк жаатында 8,7%, дүң соода жана унаа оңдоо тармагында 8,4%, кыймылсыз мүлк тармагында 7,7% көтөрүлгөн.
Ошондой эле бюджеттен тышкаркы жумушчулардын айлыгы 1,8 эсе көтөрүлгөндүгүн кошумчалады.