Шаардык кеңештин депутаты Канатбек Музуралиев бүгүнкү жыйында Турдакун Усубалиевдин ысымын Эски аянтка жана Киев көчөлөрүнө берүүнү сунуштады.
Депутат Бактыбек Абдиев өткөнкү жыйында Т.Усубалиевдин ысымын Эски аянтка жана Свердлов районуна берүү боюнча сунуш киргизилгендигин айтты. “Өкмөттүн жообун күтүп жатабыз”, - деди.
К.Музуралиев Усубалиевдин ысымын Бишкекте жаңы курулган мектепке бериш керектигин кошучалады.