Кыргызстандагы эң таң калычтуу жер Баткен облусунда. Кыштут деген жерде кышында бир ай, жайында бир ай күн тийбейт экен.
Кыргызстандагы эң эле шамалдуу өрөөн болуп Кочкор эсептелет. Катуу шамал болгондуктан, Кочкорго кар жаабайт. Шамал карды үйлөп кетет. Ошондуктан Кочкордо кар болбойт.
Баткендин тоосунда "Айгүл" деген өтө кооз гүл өсөт. Мындай гүл Кыргызстандын башка жеринде өспөйт. Ошондой эле дүйнө жүзүндө Канада жана Афганстандын айрым жерлеринде гана өсөт экен. Ай тийип турган учурда гана гүлүн ачат. Уругу менен көбөйүп, жети жылдан кийин гана өсүп чыгат. Ошондой эле 7 жылдан кийин 1 гана гүл, кийинки жылы 2, ошентип жыл сайын бирден гүл кошуп турат.
1997-жылы Нарын районунун Ташбашат айылынын тургуну Төлөбай Мамбетовдун кою таң калычтуу козу тууган. Анын бир капталында "Алла", экинчи капталында "Мухаммед" деген жазуу болгон. Бирок козу бир нече күндөн кийин эле өлүп калган.
2005-жылы Жалал-Абат облусунун Ала-Бука районунун тургуну Турсунбай Абдуллаевдин ую эки баштуу торпок тууган.
Дүйнөдөгү эң узун поэма кыргыз элинин "Манас" эпосу болуп эсептелет. Ал 1958-жылы жарыяланган, 500 миң саптан турат.
Кыргыздардан эле эмес, Борбордук Азия республикаларынын ичинен чыккан 1-каскадер Үсөн Кудайбергенов. Ал дүйнө жүзүндө кайталангыс трюктарды жасаган. Ү.Кудайбергенов "Юность гения" аттуу Өзбекстандын фильминде 27 метр бийиктиктеги жерден ат үстүндө 1,5 метр тереңдиктеги Сырдарыяга секирип трюк жасаганы үчүн Гиннесс китебине кирген.
2007-жылы 14-майда Япониянын Ниигата шаарындагы Япония эларалык университетинин 50 студенти, мончонун буу бөлмөсүнө чогуу кирип, 720 даражасындагы ысыктыкта 1 саат отурушкан. Алар Гиннесстин рекорддор китебине жазылышкан. Алардын арасында кыргызстандык Турдакун Ташболотов да болгон.
Эң зор жана узун бойлуу адам 16 кылымда жашаган Тобок болгон. Анын бою 4 метр болгон. Ат көтөрө албай өмүр бою жөө жүргөн. Ал ак-талаалык Жанболот баатырдын иниси, Тайлак баатырдын бабалары болгон. Азыркы кезде эң алп кыргыз катары Турусбек Шыгаев эсептелет. Салмагы учурда 150 кг болот. Ал эми эң узун бойлуу адам болуп Жеңишбек Райымбаев эсептелет. Боюнун узундугу 2 метр 36 см. Салмагы болжол менен 120 кг.
Эң эле басаанак адам, жеңил атлетиканын лыжа жана чуркоо боюнча спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыруучу Төлөн Насырбеков. Ал "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995-жылы 21-апрелде Бишкектен жөө жүгүрүп чыгып, 1997-жылы 7-июнда Стамбулга жеткен. Стамбулдан Мекеге жүгүрүп барган. Кийин Нарындан чыгып, Чүй, Ысык-Көлдү айланып Таласка келген. 1998-жылы кышында Ош шаарынын 3000 жылдыгына карата лыжа менен Нарындан Ошко барган. 1995-1998 жылдар аралыгында эле ал 13 миң чакырымдан ашык жолду расмий түрдө жөө чуркап өткөн.
Ак-Талаа районунун Ак-Кыя кыштагында жашаган Калынур Иманалиева өзгөчө касиетке ээ болгон. Сол колу шишик баскандай көрүнөт. Бирок, ошол колунда тубаса биоток көп экендигин приборлор көрсөткөн. Суукту сезбей колу жылуу жүрө берет. Кашык, бычак, айрылар колуна магнитке тартылгандай эле жабышып калат.
1995-жылы Каракол шаарында 2 баштуу кыз төрөлгөн . Кошумча башы көкүрөгүнөн өсүп чыккан. Салмагы 4 кг 600 грам болгон. Наристе ошол замат чарчап калган.
Эң узун кыргызча сөз тегирменчиникиндегилерденсиздерби? деген суроолуу сөз. Бул сөз 33 тамгадан турат.
Эң интернационалдуу үй-бүлө Нарын шаарынын тургуну Окош Жамановдуку эсептелет. Анын 5 келини 5 улуттун өкүлү.
Эң көп буту колу бар бала Кыргызстанда 1998 жылы төрөлгөн. Базар-Коргон районунун тургуну Каныкей Сатымбаев эгиз төрөгөн. Эгиздердин 2 башы, 4 колу, 4 буту, ал эми калган органдары бирден эле болгон. Наристелер өлүү төрөлгөн.
Эң көп тил билген жазуучу Турусбек Мадылбай эсептелет. 30дай тил билет. Түрк, өзбек, казак, англис, француз, немис, испан, итальян, португал, андан сырткары "жансыз тилдер" деп аталган санскрит, авеста, латын, жаканий, байыркы түрк, эски славян тилдерин билет.
Эң кыска мөөнөт эл башкарган уламыштагы Кедейкан болгон. Ал болгону 15 эле күн такка отурган. Ал эми 2005-жылдын 24-мартындагы революциядан кийин Ишенбай Кадырбеков Жогорку Кеңештинн төрагасы болуп 3 эле күн иштеген. Андан соң автоматтык түрдө президентинин милдетин аткаруучу болуп бир нече саат гана иштеген.
Аты-жөндөрү да, өздөрү да окшош адамдар бар. Алардын бири дүйнө чемпиону, спортсмен Каныбек Осмоналиев. Ал эми экинчиси илимпоз, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев. Ошондой эле экөөнүн тең балдарынын аты Чыңгыз.
Эң кеч баш кошкондор Асек Урманбетов менен Тамара Балтабаева болгон. Алар 2006-жылы 85 жаштарында үйлөнүшкөн.