Бишкектин айрым билим берүү борборлорунда бир күндүк эс алуу болот

0

Суунун токтотулганына байланыштуу Бишкек шаарындагы 15 мектеп, 27 бала бакчада 19-февралда бир күндүк окуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №3, 14, 17, 20, 26, 37, 39, 56, 60, 63, 71, 13, 55, 72, 80 мектептер жана №10, 44, 71, 79, 82, 94, 107, 109, 111, 112, 120, 123, 127, 133, 135, 138, 140, 142, 157, 173 бала бакчалары бир күнгө жабылат.

Мындан сырткары атайын адистештирилген № 85, 87, 104, 117, 122, 134, 174 мектепке чейинки билим берүү мекемелери да ишин убактылуу токтотот.

19-февралда саат 09:00дөн түнкү 24:00гө чейин Бишкектин түштүк тарабындагы райондордо ысык жана муздак суу токтотуларын кабарлаган. Бул “Бишкек суу канал” ишканасынын түтүк системасындагы оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылган. Түтүктөр суу сактоочу жаңы 35 кампанын курулуп бүткөнүнө байланыштуу оңдолуп жатат.

Ичүүчү суу №3, 4 ,5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, Асанбай, Жал-15, 23, 29, 30, Юг-2, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2 кичирайондорунда, Көк-Жар, Жогорку Көк-Жар, Арча-Бешик, Ынтымак, Бакаев, Киргизия-1, Киргизия-2, Ала-Арча, Браво, Ордо, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Салкын-Төр массивдеринде, “Совмин” шаарчасында, Орто-Сай, Чоң-Арык жана Төмөнкү-Орок айылдарында токтойт.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8269