Акжол Махмудовго Германияда операция жасалат

0

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов тизесин операция кылдыруу үчүн Германияга учуп кетти. Бул тууралуу күрөш федерациясынан маалымдашты.

Эске салсак, Махмудов машыгуу учурунда оор жараат алган.

Балбанды дарылаш үчүн 1,5 млн сом талап кылынат. Бул каражатты Мамлекеттик спорт агенттиги төлөп берет.

Акжол Махмудов чоңдор арасында Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш байге ээси.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8270