Кыргызстанда Патрулдук милиция кызматы түзүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделет.
Ал коомдук тартипке жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.
Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашырылып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республикалык деңгээлдеги реформа баштоо мүмкүнчүлүгү каралат.
Коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында алардын айлыгы жогору төлөнөт. Үстүнөн антикоррупциялык органдардын көзөмөлү да катуу болмокчу.
Эске салсак, Кыргызстанда патрулдук милиция түзүү аракети 2016-жылы да көрүлгөн. Анда Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматы бириктирилген.