Депутаттар менен министрлер көк бөрү ойношот

0

Министрлер менен Жогорку Кеңештин депутатары улак тартышат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлашты.

Көк-бөрү оюну 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектин “Ак-Кула” ат майданында өтөт.

Мелдешке жалпысынан төрт команда катышып, журналисттер, спорт агенттигинин командасы, депутаттар жана министрлер таймашышат.

Мелдешти депутат Канатбек Исаев жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Көк бөрү федерациясы уюштурууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8292