“Манас” университетинин алдындагы түрк мектебинин директору 9 жаштагы балага зомбулук көрсөткөн

0

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагындагы мектептин директору окуучуларга адаттан тыш мамиле кылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жыйында билдирди. Анын айтымында, ата-энелер Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганда, аталган ведомство мындай мектеп бар экендигинен кабарсыз экендигин айтышкан.

Бул мектептин директору Амер Айдын окуучуларды жана мугалимдерди коркуткан. Анын белгилешинче, директор окуучуларды өз бөлмөсүнө алып кирип, өзүнүн жана балдардын кийимин чечкен. Эс алуу үчүн тоого чыкканда да балдарга жаман ниетте тийишкендигин айтты.

-9 жаштагы окуучу мындай көрүнүштү айтканда, аны мектептен айдаган. Окуучунун апасы Ленин РИИБинин кызматкерлери менен мектепке келген. Бирок алардын мектепке кирүүсүнө тоскоол болушкан. Милициялар мектеп Кыргызстанда жайгашканын эскерткенде гана кирүүсүнө жол беришкен.

Депутаттын айтымында, ата-энелер бул маселени Улуттук коопсуздук комитетине кабарлашкан. Аталган орган учурда иш алып барууда. Бирок мектеп жетекчилиги окуучуну кайра окууга кабыл ала тургандыгын айтып, акча да сунушташкан.

Ата-энелер ведомстволор аралык комиссия түзүп, мектепке ким уруксат бергенин, ал кайсы программанын негизинде билим берип жатканын териштирүүнү өтүнгөн.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8293