Депутат Аида Исмаилова Улуттук энергохолдинг компаниясы менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жоюуну сунуштады. Мындай оюн ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, чындап эле өлкөнү өнүктүрүүнү кааласак, эки мекемени жоюп, Энергетика жана отун ресурстары министрлигин түзүш керек.
Эске салсак, буга чейин парламентте депутаттар бир нече жолу Улуттук энергохолдинг компаниясын жоюп, Энергетика министрлигин түзүш керек деген пикирлерин билдиришкен.