Ата-энеси чет өлкөгө иштеп кеткен балдардын саны 85 миңден ашык

0

Кыргызстанда 85 миң 904 мигранттардын баласы бар. Бул тууралуу 21-февралдагы тегерек жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкери Назгүл Чолумова билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк мигранттын балдары Ош облусунда. Алардын саны 23 миңди түзөт.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8296