Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 12 миң 433 эреже бузуу катталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асанов билдирди.
Анын айтымында, азырынча айыптар боюнча билдирүүлөр эч кимге жөнөтүлө элек. ИИМ баардык протоколдорду изилдеп жатат. Айып пулдарды кийинчерээк жарыялашат.
Эске салсак, 3 күн ичинде эреже бузгандардын саны 2,7 миңге өскөн.