Орусияда такси кызматында иштеген Кыргызстандын жараны унаанын ичине 1 миллион сомун унутуп кеткен адамдын акчасын алып барып берген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышты.
Кыргызстандык Нурсултан Кайназаров Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну. Үй-бүлөсүн багуу үчүн Москвада такси кызматында жүргүнчү ташып иштейт.
1 миллион сомду Дагестандын жараны Нурсултандын унаасына унутуп калган. "20-февралда аэропорттон дагестандык жигит жеткирип коемду өтүнгөн. Үйүнө жеткирип баргам. Ал унаама 1 миллион рубль акчасын унутуп калыптыр. Мен ал акчаны көптөн кийин көрдүм. Андан соң акчаны алып барып бердим. Алар акчаны насыяга алышыптыр”, - дейт Кайназаров.