Айыл чарба министрлигиндеги кызматкерлердин санын кыскартуу маселеси айтылды

0

Айыл чарба минипстрлигинде иштеген беш миңкызматкердин санын беш жүзгө чейин кыскартса болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жыйында Күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтагазиев билдирди.

“2017-жылы Айыл чарба министрлигине 1 млрд 700 млн сом бөлүнүртүр. Анда 5 миң киши иштейт. Ал жакта 5 миң киши эмне кылып жатканын билбейбиз. Эки миңге чукул адам сууу башкармалыгында иштейт экен. Аларга берилген айлыктын ордуна автоматтык түрдө ачылып жабыла турган шлюзаларды алсак, 1-2 жылда актайт”, - деди Тилек Токтогазиев.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8305