Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев казак депутаттарын улак тартышка чакырды. Бул тууралуу 23-февралда “Ак-Кула” ат майданында өткөн көк бөрү оюнунда билдирди.
“Тай казан керек-жокпу деген суроолор бар. Улак тартышып, ошону да ат үстүндө чечели”, - жейт Исаев.
Эске салсак, 23-февралда депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, спорт агенттиктин командасы жана журналисттердин катышуусунда улак тартыш болгон. Оюнда биринчи орунду депутаттар камсыздаган.