Түндүк Кореянын президенти Вьетнамга брондолгон поезд менен кетти

0

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трамп менен жоолугушу үчүн Вьетнамга брондолгон поезд менен кетти. Бул тууралуу Хүррийет басылмасы жазды.

Ким Чен Ын поезд менен Түндүк Кореядан Вьетнамга чейин 48 саат жол жүрөт. Анын поезди учурда Кытай менен Түндүк Кореянын чек арасындагы көпүрөгө жетти. Президенттердин жоолугушуусу 27-28-февралда Ханой шаарында болот.

Эске салсак, Ким Чен Ын эч качан учакка түшпөйт. Ал учакка түшүү кооптуу деп эсептейт. Чет өлкөлүк сапарларга поезд менен барат.

 

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8321