Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду.
Чемпиондук курду орусиялык Алексей Додонов менен талашты. Натыйжада Шаршеев орус мушкерин 1-раундда эле нокаутка кетирип, дүйнө чемпиону аталды.
Эске салсак, буга чейин Шаршеев бирман боксу боюнча Евразия жана Азия чемпиону, WBКF версия боюнча К-1 кесипкөйлөр арасындагы кикбоксинг боюнча Борбор Азия чемпиону болгон.