Жогорку Кеңештин депутаттары 45 өлкөнүн жарандарына визасыз келишимди узартты. Ошондой эле дагы 7 мамлекеттин жарандарына визасыз кирүү уруксаты берилди.
Буга чейин 45 өлкөнүн жарандарына 60 күнгө чейин визасыз каттоо режими бар болчу. Ал боюнча мыйзам 2020-жылы күчүн жоготот. Жаңы мыйзам 2025-жылга чейин иштейт.