Кыргызстанда 1 жарым миллиондон ашык бодо мал бар

0

2018-жылы Кыргызстанда 1 млн 627 миң  296 бодо мал катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, эң көп Ош облусунда бодо мал катталган. Ош облусунда 366,3 миң, Жалал-Абаж облусунда 329,6 миң бодо мал бар. Чүй облусунда 289 миң 925 баш бодо мал бар.

Эң аз бодо мал Бишкек шаарында катталган. Бишкек шаарында 589 баш бодо мал бар.

 Бодо малдардын аймактардагы саны:

  • Баткен облусу -149 012
  • Жалал-Абад облусу – 329 623
  • Ысык-Көл облусу -237 564
  • Нарын облусу – 174 650
  • Ош облусу – 366 327
  • Талас облусу – 67596
  • Чүй облусу - 289 952
  • Бишкек шаары – 589
  • Ош шаары - 11362

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8358