Казакстанга кыргыздардын балыгы киргизилбеди

0

Кыргыз-казак чек арасында 28-октябрь күнү Кыргызстандан балык ташып бара жаткан киши кармалды. Текшерүү учурунда анын товарында тийиштүү документтер жок экендиги аныкталган.

Балыкты «Конурат Голд Фиш» ЖЧКсы алып бара жаткандыгы аныкталды. Казакстандын мыйзамына ылайык, документтери толук эмес, маркировкасы жок бул товар жок кылынат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/842