Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин бузган чет өлкөлүк жарандарга чек арадан айыппул салынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын директорунун милдетин аткаруучу Ыманалы Саркулов билдирди.
Анын айтымында, камера чет өлкөлүк номурдагы унааларды каттоого алып турат.
«Чек ара кызматында тышкы миграциянын бирдиктүү тизмеси бар. Биз ага унааларды дагы киргизүүнү сунуштадык. Эгерде чет элдик жаран жол эрежесин бузса, аны базага киргизип, айып төлөтөт. Чек ара пункттарына айыптарды төлөө үчүн атайын терминал орнотуу пландалууда», -деди ал.