Жетекчилик ПМ кызматкерлеринин формасын текшерди

0

Бүгүн 30-октябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгында өздүк курам милиция күнүнө арналган катардык саптан өтүштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы ПМББнын өздүк курамы катардык саптан өтүүгө даяр экендиги тууралуу докладты кабыл алды. Кыргыз Республикасынын желеги көтөрүлүп, гимни уктурулду.
Катардык саптан өтүү маалында кызматкерлердин күбөлүгүнө, өздүк эн белгисине, пагондун, эмблеманын, шеврондун туура тигилүүсүнө жана иреттүү тагылуусуна көңүл бурулду.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/845